Бизнес өнүктүрүү бөлүмүнө, Бизнес өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы (транзакциялык бизнес)

Башкы кеңсе Бишкек ш. 18/04/2025

Милдеттери

Кардарлардын жана аймактардын муктаждыктарына ылайык продуктыларды ыңгайлаштыруу боюнча сунуштарды киргизүү;

Банктын филиалдарынын кардарларды тартуу жана банктык продуктыларды жана кызматтарды сатуу боюнча иштерин координациялоо;

Учурдагы сатуу пункттарынын натыйжалуулугун талдоо жана оптималдаштыруу же жаңы пункттарды ачуу боюнча сунуштарды даярдоо;

Филиалдар үчүн бизнес-пландарды жана KPIлерди коюу (сатуулар, кардарлар базасынын өсүшү, активдүүлүк);

Филиалдарда сатуу жана кардарларды тейлөө боюнча бирдиктүү стандарттарды киргизүү;

Кардарларды активдүү тартуу боюнча кампанияларды демилгелөө жана ишке ашыруу (анын ичинде жеринде өткөрүлүүчү иш-чаралар);

Кардарлар базасын талдоо, сегментациялоо жана ар кандай кардарлар категорияларына ылайыкташтырылган мамилелерди иштеп чыгуу;

Банктын негизги тышкы өнөктөштөрү менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана колдоо;

Жаңы банктык продуктыларды иштеп чыгууга катышуу;

Талаптар

Экономика же каржы багытындагы жогорку билим;

Банктын тармагында 5 жылдан кем эмес тажрыйба, артыкчылыктуу – бизнес өнүктүрүү, сатуу же корпоративдик кардарлар менен иштөө (өзгөчө транзакциялык бизнес – эсеп-кысап жана накталай акча кызматы, банк карталары, акча которуу системалары ж.б.);

Кардарлар базасын стратегиялык өнүктүрүү, өнөктөштүктөрдү түзүү жана жаңы чечимдерди ишке киргизүү тажрыйбасы;

План коюу, KPI түзүү жана филиалдык тармакты башкаруу тажрыйбасы;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын жөнгө салуучу актыларын мыкты билүү;

Лидерлик сапаттар, натыйжага багытталгандык жана системалуу ой жүгүртүү.

Биз сунуштайбыз

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматтык ишке орноштуруу;

Татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;

Ынтымактуу жумушчу атмосфера жана жакшы макулдашылган коллектив;

Ыңгайлуу жерлерде заманбап жайлуу кеңселер;

Масштабдуу долбоорлор жана корпоративдик иш-чаралар;

Банктын эсебинен квалификациясын жогорулатуу жана окутуу.

Вакансияга жооп кайтаруу

Вакансияга жооп кайтаруу