Алтын чен куймалары

27-декабрь 2018-жылы ЖАК «КСБ Коммерциялык Банкы» Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган алтындан өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырууга лицензия алды.

Куйма 1 гр.

8

Туурасы, мм

13,8

Узуну, мм

1

Граммы

Куйма 2 гр.

11

Туурасы, мм

18,9

Узуну, мм

2

Граммы

Куйма 5 гр.

14

Туурасы, мм

24,1

Узуну, мм

5

Граммы

Куйма 10 гр.

15

Туурасы, мм

25,8

Узуну, мм

10

Граммы

Куйма 31.1035 гр.

22

Туурасы, мм

37,9

Узуну, мм

31,1035

Граммы

Куйма 100 гр.

27

Туурасы, мм

45

Узуну, мм

100

Граммы

Өлчөнгөн куймалардын бар экендигин банктан тактоо керек.

Алтын куймалар менен иштөө эрежелери

  • Баалуу металлдардан жасалган буюмдар механикалык бузулууга жол бербеген шарттарда сакталууга жана эксплуатацияланууга тийиш.
  • Баалуу металлдардан жасалган буюмдардын активдүү химиялык кошулмалары бар заттар менен (тиричилик химиясынын товарлары, косметикалык каражаттар ж.б.) өз ара аракеттенүүсүн жокко чыгаруу. Хлор, йод жана сымап кошулмалары өзгөчө коркунучтуу.
  • 1г, 2г, 5г, 10г жана 31, 1035г салмактагы баалуу металлдардан жасалган банктык өлчөнгөн куймалар баалуу металлдарды кычкылдануудан, булгануудан жана механикалык бузулуулардан сактоочу атайын корголгон таңгактарда сакталат. 100 грамм салмактагы өлчөнгөн куймалар полиэтилен баштыктарда корголгон таңгаксыз сакталат.
  • Баалуу металлдын жогорку үлгүсү металлдын өтө жумшактыгын шарттайт-Бети манжаларга, кездемелерге же салфеткаларга тийгенде да чийилет. Корголгон таңгакты ачканда, металлдын булгануу же бузулуу мүмкүнчүлүгү бир нече эсе жогорулайт.
  • 100 грамм салмактагы өлчөнгөн куймалар менен иштөөдө жумшак пахта мээлейлерин колдонуу керек, куйманын четинен гана алуу керек.
  • Корголгон таңгактын бүтүндүгү өлчөнгөн куймалардын аныктыгын кепилдейт жана өлчөнгөн куйманы кайра сатып алууда кардар менен дароо эсептешүүнү камсыз кылат. Эгерде чендик уютмасы бар таңгак бузулса же жок болсо, анда чендик уютма Улуттук банкка кылдат экспертизага жөнөтүлөт. Кылдат экспертизаны жүргүзүү үчүн өлчөнгөн куймаларды кайра сатып алуу суммасынан 7% өлчөмүндө акы алынат.