Кыргызча
“Коммерциялык Банк КСБ” ЖАК улуттук жана чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын №020 лицензиясына ээ болгон, жөнгө салынуучу финансылык мекеме болуп саналат.
«КСБ Коммерциялык Банк» ЖАК төмөнкүлөрдү так сактайт:
• Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик актыларынын талаптары;
• акчаны адалдоо менен күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуучу топтун сунуштамалары (FATF);
• эл аралык стандарттар жана эрежелер, анын ичинде Bank Secrecy Act (BSA) жана Wolfsberg Group принциптери;
• FATCA алкагындагы эл аралык макулдашуулар боюнча милдеттенмелер
«КСБ Коммерциялык Банк» ЖАК өз ишин ТК/ККЛКА чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле эл аралык стандарттарга жана сунуштамаларга ылайык жүргүзө турганын маалымдайт.
Банктын ТК/ККЛКА системасы
1. Жоопкерчиликтүү бөлүм
Банкта саясатты ишке ашырууну, ички мониторингди, талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнү жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырган, ТК/ККЛКА боюнча адистештирилген бөлүм иштейт. Расмий Комплаенс-офицер дайындалган.
2. Ички документтер
Ички регламенттердин комплекси иштейт (саясат, ички көзөмөл программасы, идентификациялоо жол-жоболору, тобокелдиктерди тескөө, шектүү операцияларды аныктоо, окутуу). Документтер үзгүлтүксүз жаңыртылат.
3. Технологиялык чечимдер
Банк көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон шектүү операцияларды жана тобокелдиктерди автоматтык түрдө аныктоо – кардарларга мониторинг жүргүзүү жана керектүү маалыматтар базасын жүргүзүү үчүн адистештирилген МТ-системаны колдонот.
4. Тобокелдикке багытталган мамиле
Кардарлардын тобокелдиктерин жана операцияларын баалоо, тобокелдиктин деңгээли боюнча кардарларды классификациялоо жана жогорку тобокелдиктүү категорияларга күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүлөт.
5. Персоналды окутуу
Кызматкерлер милдеттүү ар жылдык окуудан өтөт, ал эми жаңы кызматкерлер – ТК/ККЛКА боюнча баштапкы даярдыктан өтүшөт.
6. Мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү
Банк милдетүү көзөмөлгө алынуучу же шектенүүнү жараткан операциялар жөнүндө ар кандай маалыматты Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына өз убагында берет.
КЖКЛ ТКК жөнүндө кат
Биздин Банк ТК/ККЛКА эл аралык жана аймактык стандарттарынын талаптарын, анын ичинде FATF жана EAG сунуштамаларын сактайт.
· FATF (Financial Action Task Force) – финансы уюмдары үчүн стандарттарды белгилөөчү, акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоо менен күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуучу эл аралык топ.
· EAG (Eurasian Group on Combating Money Laundering and Financing of Terrorism) —FATF сунуштамаларын аймактык өзгөчөлүккө ыңгайлаштыруучужана алардын аткарылышын көзөмөлдөөчү, КМШ жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн аймактык уюм.
Банк бул уюмдардын негизги талаптарын аткарат, анын ичинде:
· СМАга жана жогорку тобокелдиктүү категорияларга өзгөчө көңүл буруу менен, кардарларга жана операцияларга карата тобокелдикке багытталган мамиле;
· Акыркы бенефициарларды (АБ) жана саясый маанилүү адамдарды (СМА) идентификациялоо жана верификациялоо;
· Шектүү операцияларды аныктоо жана жөнгө салуучуларга өз убагында маалымдоо үчүн транзакцияларга мониторинг жана талдоо;
· Төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугун камсыздоо жана санкциялык комплаенсти сактоо;
· Кызматкерлерди үзгүлтүксүз окутуу жана натыйжалуу ички көзөмөл системасын колдоо.
“КСБ Коммерциялык Банк” ЖАК ТК/ККЛКА эл аралык стандарттарына, анын ичинде Bank Secrecy Act (BSA) жана Wolfsberg Group принциптерине ылайык аракеттенет.
Банк бул стандарттарды төмөнкүлөр үчүн колдонот:
· Кардарларды жана операцияларды текшерүү (Customer Due Diligence, CDD);
· Акыркы бенефициарларды жана саясый маанилүү адамдарды идентификациялоо (KYC/PEP);
· Транзакцияларга мониторинг жана шектүү операциялар жөнүндө билдирүү;
· Жогорку тобокелдиктүү кардарлардын жана транзакциялардын тобокелдиктерин тескөө;
· Тобокелдиктерди баалоо үчүн Wolfsberg эл аралык анкетасын колдонуу.
Бул стандарттарды колдонуу төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:
· ТК/ККЛКА тобокелдиктерин азайтуу;
· Эл аралык комплаенс талаптарына шайкеш келүү;
· Эл аралык өнөктөштөрдүн жана банк-корреспонденттердин ишенимин жогорулатуу.
AML_Questionnaire_Wolfsberg
FATCA “КСБ Коммерциялык Банк” ЖАК АКШнын чет өлкөлүк эсептердин салык мыйзамдарын сактоо жөнүндө мыйзамынын (FATCA) талаптарын сактайт.
Банк төмөнкүлөр үчүн бардык керектүү жол-жоболорду ишке ашырат:
· Өз кардарларынын арасында америкалык салык резиденттерин идентификациялоо;
· FATCA талаптарына ылайык, америка жарандарына же резиденттерине таандык эсептер жөнүндө маалыматты чогултуу жана иштеп чыгуу;
· Белгиленген отчеттуулук системасы аркылуу маалыматты АКШнын салык органдарына (IRS) берүү;
· Эл аралык кызматташтыктын алкагында FATCA менен байланыштуу бардык эрежелердин жана макулдашуулардын сакталышын камсыз кылуу.
Банктын FATCA-статусу:
Participating FFI (Foreign Financial Institution)
GIIN-номер:
QWHG36.99999.SL.417
W-8BEN-E формасы — бенефициардык ээсинин статусун жана FATCA-статусун ырастоо үчүн документ.
W-8BEN-E
Биз ачыктыкты колдойбуз. Эгер сизге коррупция фактылары же этикалык нормалардын бузулушу тууралуу белгилүү болсо, билдирүүнү биздин «Ишеним линиясына» compliance@ksbc.kg дарегине жөнөтүңүз.