Банк жөнүндө

Ишенимдүү банк

Корпоративдик, институционалдык жана жеке кардарлар үчүн каржылык жана кеңеш берүүчүлүк кызматтарды көрсөткөн швейцариялык капиталы менен Кыргыз Республикасындагы биринчи жана жалгыз банк. «Швейцариялык Каржылык Топтун» мүчөсү жана Швейцариянын банктык салтын терең урматтоо менен банк кардарларга артыкчылыктуу каржылык чечимдерди сунуштайт.

Тарыхы

Жабык акционердик коом «КСБ Коммерциялык Банкы» 2013-жылы өзүнүн тарыхын швейцариялык инвестор-«Петрам Финанс» компаниясынын 2014-жылдын 23-январында кайра ЖАК «Кыргыз-Швейцария банкы» болуп катталган, банкротко учураган ААК «Кыргыздыйканбанкты» калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасына келиши менен башталган.

«Швейцария – банк системасы көп кылымдык салттарга жана элдин ишенимине негизделген тарыхка ээ өлкө. Биз бул банк ишинин принциптерин Кыргызстанга алып келип жатабыз. Мен бардык банктар бирдей кызматтарды көрсөтөт дегенге кошулам, андыктан сапат жана тейлөө боюнча гана атаандашууга болот. Биздин иш стилибиз кардарга кам көрүү, анын аманаттарынын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү, ошондой эле инновациялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасындагы бизге ишенимдин пайда болушу».  

ЖАК  «КСБ Коммерциялык Банкынын» Директорлор кеңешинин экс-төрагасы 
Клод Ле Бер

Кыргызстандын рыногунда он жылдык ийгиликтүү ишмердигинен кийин, 30-жылдын 2023-октябрында банктын акционерлери тарабынан банкты «КСБ Коммерциялык банкы» Жабык акционердик коому деп атоо менен өнүгүүнүн кезектеги айлампасын баштоо стратегиялык чечими кабыл алынган.

«Кыргызстан-бул Борбордук Азия рыногунда ишти баштоого жана ишке киргизүү үчүн эң жакшы орун. Өлкөнүн келечеги чоң экендигине ишенем. Ошондуктан, биз Кыргызстанга өз инвестициябызды салдык...»

АК «Петрам Финанстын» директору 
Юрг Стаубли

«КСБ Коммерциялык банкы» Жабык акционердик коомунун иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук жана чет өлкө валюталарында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна №020 лицензиясы менен жөнгө салынат. Банк Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамында каралган тартипте жана өлчөмдөрдө кардарлардын аманаттарын коргоого кепилдик берет.

Кыргызстандын банк рыногунда 10 жылдан бери мыкты иш алып баруу

Кыргызстандын банк рыногунда 10 жылдан бери мыкты иш алып баруу

Швейцариялык банктык иштөө салттарында кармануу

Швейцариялык банктык иштөө салттарында кармануу

Интернет-банкинг аркылуу аралыктан тейлөө

Интернет-банкинг аркылуу аралыктан тейлөө

Жеке тейлөөнүн өзгөчө артыкчылыктары

Жеке тейлөөнүн өзгөчө артыкчылыктары

Миссиясы

Биз жыргалчылыкты арттыруудабыз!

Биз Швейцариянын банк ишинин мыкты салттарында заманбап каржылык чечимдерди берүү менен (кардарлардын, өнөктөштөрдүн, акционерлердин, кызматкерлердин жана мамлекеттин) жыргалчылыгын өстүрөбүз.

Банктын баалуулуктары

Фундаменталдык өнөктөштүк

Ишти өз ара урматтоого жана толук ишенимге негиздейбиз - узак мөөнөттүү кызматташтыктын келечегине басым жасайбыз.

Швейцариялык банк ишинин салттары

Ар дайым купуялуулукту, жогорку деңгээлдеги ишенимдүүлүктү, кесипкөйлүктү жана тобокелдиктерди сабаттуу башкарууну камсыз кылууга умтулабыз.

Кынтыксыз жоопкерчилик

Акционерлердин, кардарлардын, өнөктөштөрдүн, кызматкерлердин жана мамлекеттин алдында өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликти көтөрөбүз.

Ишкердик дем

Рынокту терең изилдөө жана долбоорлорду ийне-жибине чейин баалап билүү аркылуу жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам беребиз.

Ишенимдүүлүк жана коопсуздук

Каржылык чечимдерди жана операцияларды ишке ашырууда бардык коргоо чараларын жана банктык талаптарды сактоого кепилдик беребиз.

Кынтыксыз сапат

Санариптик кызматтарды колдонуу менен мыкты кызмат көрсөтүү жана максаттарга жетүү үчүн мыкты чечимдер.

Банк тууралуу кененирээк маалымат

Кызматтан жогорулоо

Банкта кызматкерлердин өсүшү үчүн уникалдуу чөйрө түзүлгөн, ал максатташтар менен бирге кызматтык тепкичтерди курууга жардам берет.

Директорлор кеңеши

Директорлор кеңешин эл аралык компанияларда чоң тажрыйбасы бар адистер көрсөтүшөт.

Биздин команда

Сабаттуу лидерлердин аркасында банк дайыма өнүгүп, бирдиктүү механизм катары иш алып баруу менен жалпы максаттарга жетүүдө.