Байланыш борборунун башчысы

Башкы кеңсе Бишкек ш. 16/06/2025

Милдеттери

Колл-борборун жалпы жетектөө жана башкаруу;

Компаниянын бизнес-максаттарына ылайык колл-борборунун ишин уюштуруу;

Кардарларды тейлөөнүн стандарттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;

Операторлордун иш тартибин жана процедуралады сактоосун көзөмөлдөө;

Кызматкерлерди башкаруу (кабыл алуу, окутуу, мотивация, натыйжалуулукту баалоо);

Аналитика жана отчетторду даярдоо;

Башка бөлүмдөр менен өз ара аракеттенүү;

Техникалык жана процесстик өнүктүрүү;

CRM, IP-телефония жана башка инструменттерди ишке киргизүү;

Эффективдүүлүктү жогорулатуу үчүн процесстерди автоматташтыруу;

Кардарларды тейлөөнүн сапатын камсыз кылуу;

Даттануулар менен иштөө.

Талаптар

Жогорку билим;

Байланыш борборлордо же Call-центрлерде кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы, анын ичинде банк секторунда кеминде 1 жылдык тажрыйба;

Кардарларды тейлөө принциптерин жана технологияларын билүү;

Microsoft Office программалары менен иштөө жөндөмү, ошондой эле Контакт-борборлордо колдонулуучу программалык камсыздоону билүү;

Уюштуруучулук жөндөмдөр, тренингдерди, презентацияларды өткөрүү жөндөмү;

Расмий каттарды түзүү жана өтүнүч каттарга жазуу жүзүндө жооп даярдоо жөндөмү;

Жоопкерчилик, коммуникабелдүүлүк, демилгелүүлүк жана чыгармачылык мамиле сыяктуу моралдык-психологиялык сапаттарга ээ болуу.

Биз сунуштайбыз

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматтык ишке орноштуруу;

Татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;

Ынтымактуу жумушчу атмосфера жана жакшы макулдашылган коллектив;

Ыңгайлуу жерлерде заманбап жайлуу кеңселер;

Масштабдуу долбоорлор жана корпоративдик иш-чаралар;

Банктын эсебинен квалификациясын жогорулатуу жана окутуу.

Вакансияга жооп кайтаруу

Вакансияга жооп кайтаруу