Кыргызча
Иштеп жаткан өнөктөштүк долбоорлорду алып баруу (сапат, шарттар, KPI боюнча мониторинг);
Төлөм системалары, финтех компаниялар жана терминалдык түйүндөрдүн ээлери менен жаңы өнөктөштүктөрдү баштоо;
Жаңы өнөктөштөрдү туташтыруу процессин координациялоо (техникалык жана юридикалык макулдашуу, документ айлантуу, мөөнөттөрдү көзөмөлдөө);
Өнөктөштүк пункттар аркылуу толуктоо/төлөм каналдарын талдоо жана оптималдаштыруу;
Тарифтерди, комиссиялык шарттарды макулдашуу жана Банк үчүн пайдалуу шарттарды түзүү;
Рынокту байкоо жана өнөктөштүк экосистемасын кеңейтүү боюнча демилгелерди сунуштоо;
Ички бөлүмдөр (ИТ, юридика, финансы, тобокелдиктер) менен өнөктөштүк долбоорлор алкагында иштешүү;
Өнөктөштүк каналдар боюнча трафик, комиссия жана көлөм боюнча отчетторду жана аналитиканы даярдоо.
Жаңы кызматтарды/продукттарды ишке киргизүү тажрыйбасы (артыкчылык берилет).
Банкта, финтех секторунда, телеком-операторлордо же төлөм системаларында иш тажрыйбасы;
Жергиликтүү төлөм жана сервис платформалар рыногу тууралуу маалымат (PAY24, UMAI, Оной ж.б.);
Cash-in терминалдары, агенттик тармактар, API интеграциялар менен иштөө схемаларын түшүнүү;
Жолугушуу өткөрүү, долбоорлорду башкаруу жана документ жүргүзүү көндүмдөрү;
Аналитика менен иштөө жөндөмү (Excel, свод таблицалар, жөнөкөй отчеттор);
Байланыш түзө билүү, жоопкерчилик жана демилгелүүлүк;
Агенттер менен эсептешүү принциптерин түшүнүү (артыкчылык берилет);
API/интеграциянын техникалык процесстери тууралуу базалык билим (артыкчылык берилет);
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматтык ишке орноштуруу;
Татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;
Ынтымактуу жумушчу атмосфера жана жакшы макулдашылган коллектив;
Ыңгайлуу жерлерде заманбап жайлуу кеңселер;
Масштабдуу долбоорлор жана корпоративдик иш-чаралар;
Банктын эсебинен квалификациясын жогорулатуу жана окутуу.