Бухгалтерия бөлүмүнүн башкы / жетектөөчү адиси

Башкы кеңсе Бишкек ш. 04/07/2025

Милдеттери

Ички инвентаризацияларга, баштапкы документтерди тариздөөгө жана ички актыларды түзүүгө катышуу;

Тышкы аудиторлор жана көзөмөлдөөчү органдар менен текшерүү алкагында иш алып баруу;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (УБКР) ченемдик актыларына жана Банктын ички документтерине ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзүү;

Бухгалтердик жана каржылык отчеттуулукту даярдоо;

Банктык операциялардын бухгалтердик эсепте туура чагылдырылышын көзөмөлдөө;

Бухгалтердик эсеп процессин автоматташтырууга жана оптималдаштырууга катышуу;

УБКР талаптарына ылайык Периоддук регулятивдик банк отчетторун даярдоо жана тапшыруу;

Банк ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу экономикалык нормативдерди эсептөө;

Отчеттуулук жаатындагы ченемдик талаптардагы жана мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө;

Банктын тийиштүү бөлүмдөрү жана жөнгө салуучу органдар менен тыгыз өз ара аракеттенүү.

Талаптар

Жогорку экономикалык же каржылык билим;

Банк системасында кеминде 3 жыл иш тажрыйбасы;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, КРУБдун ченемдик актыларын жана Банктын ички регламенттерин билүү;

Бухгалтердик жана каржылык эсеп, ошондой эле регулятивдик отчеттуулук жаатындагы практикалык билимдер;

Microsoft Office программаларын, өзгөчө Excel, Word, PowerPoint программаларын мыкты билүү;

Жоопкерчилик, дыкаттык, аналитикалык ой жүгүртүү жана чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү жөндөмү.

Биз сунуштайбыз

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматтык ишке орноштуруу;

Татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;

Ынтымактуу жумушчу атмосфера жана жакшы макулдашылган коллектив;

Ыңгайлуу жерлерде заманбап жайлуу кеңселер;

Масштабдуу долбоорлор жана корпоративдик иш-чаралар;

Банктын эсебинен квалификациясын жогорулатуу жана окутуу.

Вакансияга жооп кайтаруу

Вакансияга жооп кайтаруу