Экономика бөлүмүнүн башчысы

Башкы кеңсе Бишкек ш. 04/07/2025

Милдеттери

Кыргыз Республикасынын банк секторун талдоо;

Түрдүү отчетторду түзүүгө катышуу.

Финансылык стратегияларды иштеп чыгуу, бюджетти пландаштыруу жана бизнес-пландарды түзүү;

Бизнес-планды аткаруу боюнча айлык отчетторду даярдоо, финансылык ишмердүүлүктү талдоо жана финансылык натыйжаларды божомолдоо;

Банктын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо;

Банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чыгымдарын бекитилген Бюджетке ылайык макулдашуу;

Учурдагы жана кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк божомолун түзүү;

Банктын Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык нормативдерди жана талаптарды аткаруусун көзөмөлдөө;

Банктын жалпы ишмердүүлүгүн, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин талдоо жана жыйынтыгы боюнча Башкармалыкка сунуштарды берүү;

Талаптар

Экономика же финансы багытындагы жогорку экономикалык билим;

Банк тармагында кесиптик тажрыйба кеминде 4 жыл, анын ичинен жетекчилик кызматта кеминде 2 жыл;

Компьютерди, өзгөчө Excel программасын мыкты билүү;

Финансы, бухгалтердик эсеп, финансылык отчетту талдоо жана башка финансылык аспектилер боюнча терең билимдер;

Банк мыйзамдарын жана ченемдик актыларды түшүнүү;

Банктын операцияларынын негиздерин билүү;

Маалыматтарды талдоо, тенденцияларды божомолдоо жана негизделген чечимдерди кабыл алуу жөндөмү;

Команда мүчөлөрү жана башка бөлүмдөр менен эффективдүү баарлашуу жөндөмү;

Орус тилин эркин билүү, англис тилин билүү артыкчылык катары каралат.

Биз сунуштайбыз

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматтык ишке орноштуруу;

Татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;

Ынтымактуу жумушчу атмосфера жана жакшы макулдашылган коллектив;

Ыңгайлуу жерлерде заманбап жайлуу кеңселер;

Масштабдуу долбоорлор жана корпоративдик иш-чаралар;

Банктын эсебинен квалификациясын жогорулатуу жана окутуу.

Вакансияга жооп кайтаруу

Вакансияга жооп кайтаруу