Кыргызча
2025-жылдын 26-мартында КСБ Коммерциялык Банкы ЖАКтын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү, анда эки жаңы директорду дайындоо аркылуу Банктын Директорлор кеңешинин курамын бештен жети мүчөгө чейин кеңейтүү чечими кабыл алынды. КСБ КБ ЖАК Директорлор кеңешинин курамында Жан-Люк Бэшлер мырзаны жана Кристиан Люшер мырзаны сыймыктануу менен тосуп алат. Алардын көрүнүктүү тажрыйбасы жана олуттуу профессионалдык жетишкендиктери Банктын мындан аркы өсүшүнө жана стратегиялык өнүгүүсүнө баалуу салым болот.
Жан-Люк Бэшлер мырза – Швейцариянын Федералдык административдик сотунун судьясы, каржы секторун жана эл аралык корпоративдик башкарууну терең түшүнгөн укук жана жөнгө салуу боюнча белгилүү эксперт.
Кристиан Люшер мырза – Женева аэропортунун Башкармалыгынын Төрагасы. 16 жыл бою Республиканын парламентинин жана Женева кантонунун башкарууну көзөмөлдөө, сот жана мыйзам чыгаруу комитеттеринин мүчөсү болуп, карьерасында башкаруучулук, укуктук жана мамлекеттик тажрыйбаны айкалыштырган.
Биз алардын стратегиялык көз карашы, кесипкөйлүгү жана чоң тажрыйбасы КСБ Коммерциялык Банкынын рыноктук позициясын мындан ары да бекемдеп, негизги демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууга колдоо көрсөтөрүнө ишенебиз.
Урматтуу кардарлар, 2025-жылдын 26-майынан баштап банктык тейлөө боюнча тарифтерге өзгөртүүлөр күчүнө кирерин маалымдайбыз. Өзгөртүүлөр УКМБнын "Нак чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби …
Урматтуу кардарлар! Сервистердин сапатын жакшыртууга багытталган профилактикалык иштерге байланыштуу 10.05.2025-ж.саат 13:00дөн 15:00гө чейин мобилдик/интернет-банкинг. Мүмкүн болгон ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнгөнүңүз үчүн ыраазычылык …
Урматтуу кардарлар! Сиздерди келе жаткан май майрамдары менен куттуктайбыз! "Коммерциялык Банк КСБ" ЖАКтын майрам күндөрүндөгү иш графигине көңүл бурууңуздарды суранабыз: 01.05.25 баштап 11.05.25 чейин …