Жаңылыктар

Тбилисиге сапар: банктардагы инновациялардан шыктанып жатабыз

КСБ кызматкерлери Тбилисиге иш сапары менен барып, тажрыйба алмашып жана Грузиянын банк секторундагы мыкты тажрыйбаларды изилдешти.

Стратегиялык өнүгүүнүн жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуунун алкагында, КСБ командасы Тбилисиге иш сапарында төмөнкү алдыңкы банктарга барышты:

  • TBC Bank
  • ProCredit Bank
  • Terabank
  • Bank of Georgia

Иш сапардын өзгөчө бөлүгү — ESG (Экологиялык, Социалдык жана Башкаруу) принциптерин ишке ашыруу жана туруктуу каржылоону колдонуу боюнча тажрыйбаларды изилдөө болду. Бул багыттар бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча банк тармагын өнүктүрүүнүн негизги бөлүгү болуп саналат.

Грузиялык банктардын өкүлдөрү менен жолугушууларда кеңири талкууланган темалар:
— ESG-принциптерин бизнес-процесстерге интеграциялоо
— экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди баалоо куралдары
— туруктуу долбоорлор үчүн каржылоону тартуу механизмдери

Бул тажрыйба алмашуу биздин банкта колдонууга ылайыктуу жана ийгиликтүү практикаларды аныктоого шарт түздү.

КСБ өз ишмердүүлүгүнө ESG-принциптерин активдүү киргизүүгө, экономика менен коомдун жоопкерчиликтүү жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууга умтулат.





Другие новости

Бардык жаңылыктар

Техникалык иштер!

Урматтуу кардарлар! Мобилдик жана интернет-банкингди жаңыртуу боюнча техникалык иштерге байланыштуу, 2025-жылдын 5-августунда саат 21:00дөн 6-август саат 03:00гө чейин (КР убактысы боюнча) бул кызматтар убактылуу …

Visa Classic картасы боюнча жылдык тейлөө акысы жоюлат

Урматтуу кардарлар, Сиздерди 2025-жылдын 12-августунан тартып Visa Classic карталары боюнча жылдык тейлөөнүн акысы жоюларын маалымдайбыз. Бул карта боюнча жылдык тейлөө акысыз болот.

ГРОСС жана Клиринг боюнча жаңы тарифтер

Урматтуу кардарлар, Сиздерди 2025-жылдын 12-августунан тартып ГРОСС жана Клиринг аркылуу акча которуулар боюнча жеке жана юридикалык жактар (Кыргыз Республикасынын резиденттери) үчүн жаңы тарифтер күчүнө …