Кыргызча
Урматтуу кардарлар, өнөктөштөр, достор!
Бүгүн биздин банк негизделгенине 12 жыл болду. Бул убакыт биз үчүн өнүгүүнүн, изденүүнүн жана өсүүнүн жолу болду. Бирок биздин эң башкы жетишкендигибиз — сиздердин ишенимиңиз.
Ушу жылдар бою финансылык өнөктөш катары бизди тандап келгениңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин тандооңуздар — бул биздин өнүгүүнүн башкы стимулу, шыктын булагы жана биз ар дайым көтөрүүгө даяр болгон жоопкерчилик.
12 жыл ичинде биз заманбап, ишенимдүү жана инновациялуу банкка айландык, бирок ошол эле учурда эң башкы нерсени сактап калдык — ар бир кардарга өзгөчө көнүл бөлүүнү. Сиздер менен жашооңуздардын маанилүү учурларында жаныңызда болууга, ой-максаттарыңызды ишке ашырууга жардам берүүгө мүмкүнчүлүк алгандыгыбыз менен сыймыктанабыз.
Биз ишенебиз, алдыда бизди дагы көп мүмкүнчүлүктөр жана жеңиштер күтүп турат. Жана биз сиздердин финансылык максаттарыңыздар үчүн эң мыкты кызматтарды жана жаңы чечимдерди сунуштоо үчүн иштөөнү улантабыз.
Биз менен болгондугуңуздар үчүн рахмат. Бирге биз келечекти жаратабыз!
«Коммерциялык банк КСБ» — Биз сиздин кызыкчылыгыңызда иштейбиз!
Урматтуу кардарлар, Эске алыңыздар, 2025-жылдын 27-октябры Казакстан Республикасында иш эмес күн болуп саналат. KZT боюнча төлөмдөр үчүн валюталаштыруу күнү — 2025-жылдын 28-октябры.
Урматтуу кардарлар, 2025-жылдын 23-октябры күнү саат 01:00дөн 03:00гө чейин «Банктар аралык процессинг борбору» тарабынан пландык техникалык иштер жүргүзүлөт. Бул убакыт аралыгында төмөнкү операция жана …
2025-жылдын 13-октябрынан тарта Visa Platinum жана Visa Signature карталарынын ээлери «Манас» аэропортунда акысыз кызматтарды кайра пайдалана алышат. VIP-залга кирүү – жылына 4 жолу (Visa …