Кыргызча
Унааны белгиленген убакта даярдап, өз убагында жеткирүү;
Иш учурунда пайда болгон жана механизмдерди ажыратууну талап кылбаган майда эксплуатациялык бузулууларды жоюу;
Унааны техникалык жактан жарактуу абалда кармоо;
Жүрүү маршруттары, басып өткөн аралыктары жана күйүүчү майдын чыгымы көрсөтүлгөн жол баракчаларын жүргүзүү;
Унаага күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) май куюучу жайларда белгиленген коопсуздук эрежелерине ылайык куюу;
Ички ченемдик документтердин талаптарына ылайык жүрүү аралыгынын лимиттерин жана күйүүчү-майлоочу материалдардын чыгым нормаларын сактоо;
Унаанын жана анын ичиндеги мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
Жүргүнчүлөрдүн өмүрүн жана ден соолугун, ошондой эле алардын коопсуздугун мүмкүн болушунча толук камсыз кылып унаа башкаруу.
Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн картасын билүү.
Биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелерин билүү;
Жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү жана белгиленген талаптарга жооп берген унаасынын болушу;
Орто же орто кесиптик билим;
«B», «B1», «C», «C1» категорияларындагы транспорт каражаттарын башкаруу укугу;
Кесиби боюнча кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы (жетекчилерди ташуу боюнча тажрыйбасы болсо артыкчылык берилет);
Жол кыймылынын эрежелерин билүү;
Унаалардын түзүлүшүн, тетиктеринин жана механизмдеринин милдетин, иштөө принциптерин жана аларды тейлөө эрежелерин билүү;
Жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин билүү;
Унааларды техникалык тейлөө тартибин билүү;
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматтык ишке орноштуруу;
Татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;
Ынтымактуу жумушчу атмосфера жана жакшы макулдашылган коллектив;
Ыңгайлуу жерлерде заманбап жайлуу кеңселер;
Масштабдуу долбоорлор жана корпоративдик иш-чаралар;
Банктын эсебинен квалификациясын жогорулатуу жана окутуу.
Управлять финансами ещё удобнее
Наведите камеру, чтобы скачать мобильное приложение KSB Online