Башкы бухгалтер / Ош шаарындагы филиалдын операциялык бөлүмүнүн башчысы

Ош ш. филиал 05/10/2026

Милдеттери

Галочка

Бухгалтериянын ишин жетектөө жана көзөмөлдөө, бухгалтердик эсептин мыйзамдарга жана ФОЭСке ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылуу;

Галочка

Банктын эсеп саясатын түзүү;

Галочка

Баштапкы документтердин туура таризделишин жана бухгалтердик өткөрмөлөрдүн тууралыгын көзөмөлдөө;

Галочка

Бухгалтердик, салыктык, статистикалык жана жөнгө салуучу органдар үчүн талап кылынган отчетторду даярдоо жана өз убагында тапшыруу;

Галочка

Отчетторго түшүндүрмөлөрдү даярдоо жана алардын жетекчи тарабынан кол коюлушун камсыз кылуу;

Галочка

Салыктарды, жыйымдарды жана төгүмдөрдү эсептөөнү жана төлөөнү уюштуруу;

Галочка

Салыктык пландаштыруу, бюджеттөө жана акча агымдарын башкаруу;

Галочка

Финансылык-чарбалык ишмердүүлүктү талдоо жана кирешелүүлүктү жогорулатуу үчүн резервдерди аныктоо;

Галочка

Финансылык тартиптин жана мыйзам талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө;

Галочка

Салык органдары, аудитордук органдар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен өз ара аракеттенүү;

Галочка

Аудитордук текшерүүлөргө катышуу жана керектүү документтерди даярдоо;

Галочка

Финансылык талдоонун негизинде башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга катышуу;

Галочка

Чыгымдарды оптималдаштыруу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

Галочка

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатындагы ички контролдоо эрежелеринин, «Өз кардарыңды бил» саясатынын, ТКК/ККЛ максатында ички контролду уюштуруу саясатынын жана Кыргыз Республикасынын ТКК/ККЛ жөнүндө мыйзамынын талаптарына ылайык шектүү операциялар боюнча милдеттүү талааларды толтуруу нускамасынын талаптарын аткаруу;

Галочка

Филиалдын кардарларын банктык кызматтарга тартуу (карта кызматтары, аманаттар (депозиттер), жеке жактарды кредиттөө);

Галочка

Филиалдын кардарларын банкта кабыл алынган тейлөө стандарттарына ылайык тейлөө;

Галочка

Учурдагы жана потенциалдуу кардарларга операциялык тейлөө жана банктык операцияларды жүргүзүү боюнча банктын ички талаптарына, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана банктын ички ченемдик документтерине ылайык консультация берүү;

Галочка

Филиалдын кардарларын мобилдик банкингге кошуу;

Галочка

Банктык карталарды чыгаруу жана тейлөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү, анын ичинде эмгек акы долбоорлорунун алкагында;

Галочка

Эл аралык жана жергиликтүү акча которуу системалары аркылуу акча которууларды берүү жана жөнөтүү;

Галочка

Суроо-талап боюнча бөлүмдүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү отчетторду даярдоо.

Талаптар

Галочка

Экономика же финансы багыты боюнча жогорку кесиптик билим;

Галочка

Бухгалтердик эсепти жүргүзүү менен байланышкан кредиттик-банктык чөйрөдө кеминде 3–5 жылдык иш тажрыйбасы;

Галочка

Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын (ФОЭС) билүү;

Галочка

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде салык мыйзамдарын, жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (КРУБ) ченемдик документтерин мыкты билүү;

Галочка

Мурунку иштеген жерлеринен терс мүнөздөмөлөрдүн жоктугу;

Галочка

Банк ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, КРУБдун ченемдик документтерин билүү;

Галочка

Бухгалтердик эсептер планын жана бөлүмдүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү негизги эсептерди билүү;

Галочка

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарын билүү жана колдоно алуу (ТКК/ККЛ);

Галочка

Банктык продуктыларды, операцияларды жана кызматтарды, кардарлардын операцияларын, ошондой эле банктын ТКК/ККЛ жаатындагы ишмердүүлүгүнө мүнөздүү потенциалдуу тобокелдиктерди так түшүнүү.

Биз сунуштайбыз

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматтык ишке орноштуруу;

Татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;

Ынтымактуу жумушчу атмосфера жана жакшы макулдашылган коллектив;

Ыңгайлуу жерлерде заманбап жайлуу кеңселер;

Масштабдуу долбоорлор жана корпоративдик иш-чаралар;

Банктын эсебинен квалификациясын жогорулатуу жана окутуу.

Вакансияга жооп кайтаруу

Вакансияга жооп кайтаруу

Приложение KSB Online

Управлять финансами ещё удобнее

QR-код для скачивания приложения

Наведите камеру, чтобы скачать мобильное приложение KSB Online

Приложение KSB Online