Кыргызча
Бөлүмдүн ишин уюштуруу, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана координациялоо;
Банктын карталарын чыгарууга байланыштуу мыйзам талаптарынын, Банктын ички ченемдик документтеринин жана башка ченемдик актылардын сакталышын камсыз кылуу;
Бөлүмдүн кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жана коюлган тапшырмаларды натыйжалуу аткаруу үчүн шарттарды түзүү;
Банкттык карталарды чыгаруу, персоналдаштыруу жана жеткирүү процесстерин көзөмөлдөө;
Карталарды чыгаруу маселелери боюнча процессинг борбору, төлөм системалары жана Банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүү;
Отчетторду даярдоо жана карточкалык бизнести өнүктүрүүгө байланыштуу долбоорлорду ишке ашырууга катышуу.
Жогорку экономикалык же техникалык билим;
Жалпы иш стажы кеминде 3 жыл;
Банк тармагында же финансылык институттарда иш тажрыйбасы кеминде 3 жыл;
Карталарды чыгаруу жана жеткирүү процесстерин уюштуруу жана көзөмөлдөө тажрыйбасы;
Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарын билүү;
Банк операциялары жана процесстери боюнча билим;
Төлөм системасынын принциптерин билүү;
Кадрларды башкаруу жана бөлүмдүн ишин уюштуруу көндүмдөрү.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кызматтык ишке орноштуруу;
Татыктуу эмгек акы жана карьералык өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;
Ынтымактуу жумушчу атмосфера жана жакшы макулдашылган коллектив;
Ыңгайлуу жерлерде заманбап жайлуу кеңселер;
Масштабдуу долбоорлор жана корпоративдик иш-чаралар;
Банктын эсебинен квалификациясын жогорулатуу жана окутуу.