Кыргызча
Банк жөнүндө
Жеке кардарларга
Бизнес-кардарлар үчүн
Сатып алуу | Сатуу | КРУБ | |
---|---|---|---|
CHF | 95 | 107 | |
USD | 87.3 | 87.8 | 87.45 |
EUR | 98.7 | 99.7 | 99.0415 |
KZT | 0.115 | 0.19 | 0.1712 |
RUB | 1.1 | 1.13 | 1.1234 |
Сатып алуу | Сатуу | КРУБ | |
---|---|---|---|
CHF | 101.1628 | 109.375 | |
USD | 87 | 87.5 | 87.45 |
EUR | 98.7 | 99.7 | 99.0415 |
KZT | 0.1115 | 0.1944 | 0.1712 |
RUB | 1.08 | 1.15 | 1.1234 |
Сатып алуу | Сатуу | |
---|---|---|
USD | 95 | 115 |
KGS | 8 307.75 | 10 056.75 |
Вес, грамм | Сатып алуу | Сатуу |
---|---|---|
1 гр. | 8 000 | 13 000 |
2 гр. | 15 000 | 23 000 |
10 гр. | 88 000 | 99 000 |
31,1035 гр. | 220 000 | 304 000 |
100 гр. | 750 000 | 965 000 |
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ
Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштейт
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын лицензиясы №020
Купуялуулук жөнүндө макулдашуу© 2013-2024 Бардык укуктар корголгон
Калоян Стоянов 2013-жылдан бери Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп эсептелет. 2019-жылдан тартып Директорлор кеңешинин Төрагасы болуп иштейт. Ошондой эле дайындоолор жана сыйлык берүү боюнча комитеттин төрагасы болуп саналат. Лозанна университетинен юридикалык илимдер боюнча докторлук даражаны алган. Учурда юридикалык жана салыктык маселелер боюнча көз карандысыз консультант болуп иштейт. 40 жылдан ашык убакыттан бери укуктук жана салык маселелери менен алектенип келет.
Клод Видмер 2013-жылдан бери Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп эсептелет жана Аудит комитетинин жана Тобокелдиктерди башкаруу комитетинин курамына кирет. Ал Женевадагы бизнес мектебинде билим алган. Учурда экономикалык жана каржылык маселелер боюнча көз карандысыз консультант болуп иштейт. Банктар чөйрөсүндө 45 жылдан ашык жетекчилик тажрыйбасы бар. Айрыкча, ал Credit Suisse банкына караштуу филиалды жетектеп, анда кредиттик ишмердүүлүк үчүн жоопкер болгон. Ошондой эле Женева кантондук банкынын директору болуп иштеген.
Саломон Бенарош 2023-жылдан бери директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана аудит боюнча комитетти жетектейт, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу жана дайындоолор, сый акылар боюнча комитеттердин курамына кирет. Женева техникалык мектебинде билим алган. Продукцияны илгерилетүү жана администрациялоо жаатында ири компанияларда 50 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар. Швейцариянын ири жана орто компанияларында IT жайылтуу жаатында 35 жыл иштегенден кийин, кыймылсыз мүлк боюнча брокердик компанияны түзүүгө катышкан жана бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде иштейт.
Кристиан Люшер 2025-жылы Банктын Директорлор кеңешинин курамына кирген. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү катары, ал Тобокелдиктерди башкаруу комитетинин төрагасы болуп саналат. Люшер мырза Швейцариядагы Женева аэропортунда жана TradeXBank банкында жетекчилик кызматтарды ээлейт. Ал 16 жыл бою швейцариялык парламенттин мүчөсү болгон, атап айтканда, экономикалык жана салык маселелери боюнча комитетти жетектеген, ошондой эле укуктук маселелер боюнча комитеттин, тышкы иштер боюнча комитеттин жана сот комитетинин мүчөсү болгон.
Жан-Люк Бэшлер 2025-жылдан бери Банктын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана Аудит боюнча комитеттин курамына кирет. Бир нече жыл бою Швейцариянын Федералдык административдик сотунун президенти болуп иштеген. Бэшлер мырза каржы секторун жана эл аралык корпоративдик башкарууну терең түшүнгөн, укук жана жөнгө салуу жаатындагы эксперт болуп саналат.
Ташбаев Алмаз Калдарович директорлор кеңешине 2021-жылдын март айында кирген, тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттин жана аудит боюнча комитеттин мүчөсү болуп саналат. Россия мамлекеттик социалдык университетинде (Москва шаары) финансы жана кредит боюнча жогорку билим алган. Каржы структураларында 25 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар. 2018-жылдын октябрь айынан бери "Централ Эйжа Интернэшнл" санариптик активдер биржасы" ЖАКтын аткаруучу директору болуп иштейт.
Мамыразаков Данияр Бактыбекович 2019-жылдын март айынан бери Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп эсептелет. Ал дайындоолор жана сыйлык берүү боюнча комитеттин курамына кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынан бизнес башкаруу боюнча магистрдик даражаны алган. Кыргызстанда, Россияда жана Канадада банктарда жана микрокредиттик компанияларда кредит берүү тармагында иш тажрыйбасы бар.