Шрифт көлөмү (0)

Сүрөттөр

Сүйлөө синтези

Тамгалардын ортосундагы аралык

Саптардын ортосундагы аралык

Шрифт

Жаңылыктар

Маанилүү! Транзакцияга салык тууралуу маалымат

Урматтуу кардарлар,
Сиздерге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, транзакция боюнча иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык каттоодон өткөн жери боюнча салык органдарына арыз берүүгө милдеттүү экендигин билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 350 Жарлыгына ылайык Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, «Транзакцияга салык» атайын салык режими киргизилди. Транзакцияга салык ставкасы 0,2 пайыздан 0,1 пайызга чейин төмөндөтүлдү.

Эсеп ачылган банк транзакция жүргүзүү учурунда салык агенти катары бул салыкты кармап калууга жана төлөөгө милдеттүү.

Транзакция жүргүзгөн субъекттер «Транзакцияга салык» атайын салык режимин гана колдонууга укуктуу жана бул режимди колдонуу алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында башка ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салынат.

Транзакция боюнча иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык каттоодон өткөн жери боюнча атайын салык режимин колдонуу жөнүндө арыз берүүгө тийиш.

Транзакция – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн уюм, жеке ишкер, чет өлкөлүк уюмдун филиалы же өкүлчүлүгү, ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана банктагы эсеп ачылган дарек боюнча мамлекеттик каттоосуз салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюм тарабынан чет өлкөлүк субъекттин тапшырмасы боюнча андан же башка чет өлкөлүк субъекттен башка чет өлкөлүк субъектке же анын дарегине акча каражаттарын кайра багыттоо операциясы.

Акча каражаттарын кайра багыттоо деп накталай жана накталай эмес формада алуу жана өткөрүп берүү, анын ичинде башка салык төлөөчү аркылуу алуу жана өткөрүп берүү учурлары, ошондой эле чет мамлекеттин банкында ачылган уюмдун, жеке ишкердин, чет өлкөлүк уюмдун филиалынын же өкүлчүлүгүнүн эсебин колдонуу, же Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок, банктагы эсеп ачылган дарек боюнча мамлекеттик каттоосуз салыктык каттоодон өткөн чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасынын банкындагы эсебин колдонуу таанылат.


Бардык жаралган суроолор боюнча колдонулуп жаткан салык режимине ылайык, салыктык каттоодон өткөн жериңиз боюнча Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыгына кайрылууңуздарды суранабыз.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар

Техникалык иштер!

Урматтуу кардарлар, 2026-жылдын 12-февральда 21 00 дон 00:00 чейин сервис сапатын жакшыртуу максатында жүргүзүлө турган профилактикалык иштерге байланыштуу мобилдик жана интернет-банкингде, карточкалык эсептер боюнча …

2026 – жылдын 16-февралы АКШда иш эмес күн болуп саналат

Урматттуу кардарлар, Эске алыңыздар, 2026 – жылдын 16-февралы АКШда иш эмес күн болуп саналат. АКШ доллары менен төлөмдөрдүн валюталоо күнү 2026-жылдын 17- февралы. Түшүнгөнүңүздөр …

2026-жылдын 16-23-февралы Кытайда иш эмес күн болуп саналат

Урматтуу кардарлар, Эске алыңыздар, Кытайда 2026-жылдын 16-23-февралы жумуш эмес күн болуп саналат. Кытайга төлөмдөрдүн наркы 2026-жылдын 24-февралы болуп саналат. Түшүнгөнүңүздөр үчүн рахмат!