Кыргызча
Урматтуу кардарлар,
Сиздерге «Интернет/Мобилдик банкинг» системалары аркылуу жеке жана юридикалык жактарга банктык кызмат көрсөтүү боюнча коомдук оферта келишимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиги жөнүндө маалымдайбыз.
Коомдук оферталардын жаңы редакциялары 2026-жылдын 30-мартынан тартып күчүнө кирет.
Эмне өзгөрдү:
— Эми Банк алдамчылык белгилери аныкталган учурда 30 күнгө чейин чыгым операцияларын убактылуу токтотууга, ошондой эле үчүнчү жактарга жеткиликтүүлүк берилген учурда тейлөөнү чектөөгө укуктуу.
— Кардарларга «Интернет/Мобилдик банкинг» системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде логиндерди жана сырсөздөрдү, үчүнчү жактарга берүүгө, сатууга же башка жол менен сунуштоого түздөн-түз тыюу салынды (4.12-пункт).
— Кардарлардын жоопкерчилиги такталды: 6.4-пункт киргизилип, анда үчүнчү жактарга жеткиликтүүлүк берүү жана интернет-банкингди алардын кызыкчылыгында мыйзамсыз аракеттерди жасоо үчүн колдонуу боюнча жоопкерчилик бекитилди.
Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына, анын ичинде «Алыстан/дистанциялык банктык тейлөө көрсөтүүнүн минималдуу талаптары жөнүндө» жобонун жаңылануусуна (КРУБнын 2026-жылдын 21-январындагы № 2026-П-39/3-2-(НПА) токтому) ылайык келтирүү максатында киргизилди.
Коомдук офертанын эски жана жаңы версиялары менен төмөнкү шилтемелер аркылуу таанышсаңыз болот:
Жеке кардарларга эсептик-кассалык тейлөө
Бизнес кардарларга эсептик-кассалык тейлөө
Урматтуу кардарлар, Эске алыңыздар, 2026–жылдын 23–25-март күндөрү Казакстанда иш эмес күндөр болуп саналат. Казакстанга төлөмдөр үчүн валюталоо күнү—2026-жылдын 26-марты. Түшүнгөнүңүздөр үчүн рахмат!
Урматтуу кардарлар, Эске алыңыздар, 2026–жылдын 23–30-март күндөрү Азербайжанда иш эмес күндөр болуп саналат. Азербайжанга төлөмдөр үчүн валюталоо күнү—2026-жылдын 31-марты. Түшүнгөнүңүздөр үчүн рахмат!
Урматтуу кардарлар, Эске алыңыздар, 2026–жылдын 23-марты Өзбекстанда иш эмес күн болуп саналат. Өзбекстанга төлөмдөр үчүн валюталоо күнү—2026-жылдын 24-марты. Түшүнгөнүңүздөр үчүн рахмат!