Жаңылыктар

«Интернет/Мобилдик банкинг» системалары аркылуу банктык тейлөө боюнча коомдук оферта келишимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Урматтуу кардарлар,

Сиздерге «Интернет/Мобилдик банкинг» системалары аркылуу жеке жана юридикалык жактарга банктык кызмат көрсөтүү боюнча коомдук оферта келишимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиги жөнүндө маалымдайбыз.

Коомдук оферталардын жаңы редакциялары 2026-жылдын 30-мартынан тартып күчүнө кирет.

Эмне өзгөрдү:
— Эми Банк алдамчылык белгилери аныкталган учурда 30 күнгө чейин чыгым операцияларын убактылуу токтотууга, ошондой эле үчүнчү жактарга жеткиликтүүлүк берилген учурда тейлөөнү чектөөгө укуктуу.
— Кардарларга «Интернет/Мобилдик банкинг» системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде логиндерди жана сырсөздөрдү, үчүнчү жактарга берүүгө, сатууга же башка жол менен сунуштоого түздөн-түз тыюу салынды (4.12-пункт).
— Кардарлардын жоопкерчилиги такталды: 6.4-пункт киргизилип, анда үчүнчү жактарга жеткиликтүүлүк берүү жана интернет-банкингди алардын кызыкчылыгында мыйзамсыз аракеттерди жасоо үчүн колдонуу боюнча жоопкерчилик бекитилди.

Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына, анын ичинде «Алыстан/дистанциялык банктык тейлөө көрсөтүүнүн минималдуу талаптары жөнүндө» жобонун жаңылануусуна (КРУБнын 2026-жылдын 21-январындагы № 2026-П-39/3-2-(НПА) токтому) ылайык келтирүү максатында киргизилди.

Коомдук офертанын эски жана жаңы версиялары менен төмөнкү шилтемелер аркылуу таанышсаңыз болот:

Жеке кардарларга эсептик-кассалык тейлөө

Бизнес кардарларга эсептик-кассалык тейлөө

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар

2026–жылдын 24-апрели Арменияда иш эмес күн болуп саналат

Урматтуу кардарлар, Эске алыңыздар, 2026–жылдын 24-апрели Арменияда иш эмес күн болуп саналат. Арменияга төлөмдөр үчүн валюталоо күнү—2026-жылдын 27-апрели. Түшүнгөнүңүздөр үчүн рахмат!

2026-жылдын 23-апрели Туркияда иш эмес күн болуп саналат

Урматтуу кардарлар, Эске алыңыздар, 2026-жылдын 23-апрели Туркияда иш эмес күн болуп саналат. Туркияга төлөмдөр үчүн валюталоо күнү — 2026-жылдын 24-апрели. Түшүнгөнүңүздөр үчүн рахмат!

2026-жылдын 6-апрели Италияда иш эмес күн болуп саналат

Урматтуу кардарлар, Эске алыңыздар, 2026-жылдын 6-апрели Италияда иш эмес күн болуп саналат. Евро менен төлөмдөр үчүн валюталоо күнү — 2026-жылдын 7-апрели. Түшүнгөнүңүздөр үчүн рахмат!