Жаңылыктар

Көңүл буруңуз! Банктык төлөм карталарынын ээлери үчүн маалымат

Банктык төлөм картасы (карта), ошондой эле ага байланыштуу кирүү каражаттары (PIN-код, CVV/CVC-код, логиндер, сырсөздөр жана картаны дистанциялык сервистерде пайдаланууда колдонулуучу башка аутентификация каражаттары) картанын ээси тарабынан жеке пайдалануу үчүн гана арналган.

Картанын ээсине банктык төлөм картасын, анын реквизиттерин, ошондой эле логиндерди, сырсөздөрдү жана картага кирүү үчүн башка каражаттарды үчүнчү жактарга берүүгө, сатууга же башка жол менен пайдаланууга берүүгө тыюу салынат.

Картанын ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык картаны жана (же) ага кирүү каражаттарын үчүнчү жактарга берүү же сатуу үчүн, ошондой эле укукка каршы аракеттерди жүзөгө ашыруу максатында үчүнчү жактардын көрсөтмөсү боюнча жана (же) алардын кызыкчылыгында картаны пайдалануу менен жүргүзүлгөн финансылык операциялар үчүн жоопкерчилик тартат. Мындай аракеттерди жасоо күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке, анын ичинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга негиз болушу мүмкүн.

Банк үчүнчү жактарга кирүү мүмкүнчүлүгү берилген фактылар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана колдонуучу менен түзүлгөн келишимде каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде тейлөөнү чектөөгө же убактылуу токтотууга укуктуу.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар

Урматтуу кесиптештер!

2026-жылдын 22-сентябрынан 23-сентябрына караган түнү, саат 00:00дөн 04:00гө чейин пландуу техникалык иштер жүргүзүлөт.Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында Банктын АБСи, мобилдик тиркемеси жана башка маалыматтык сервистери убактылуу …

Кыргызстанда биринчи жолу: КСБ ишкерлер үчүн Visa Business Platinum картасын сунуштайт

Коммерциялык Банк КСБ юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн премиум бизнес-карта — Visa Business Platinum картасын сунуштайт. 21-сентябрдан тартып картанын ээлери башкы байге — …

АКШда майрам / дем алыш күнү 7-сентябрь, 2026-жыл.

Эске алыңыздар, 2026-жылдын 7-сентябры АКШда жумуш күнү эмес.АКШ доллары менен төлөмдөрдүн валюталоо күнү 2026-жылдын 8-сентябры.Алдын ала ыраазычылык билдиребиз.