Жаңылыктар

Коммерциялык Банк КСБ Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинде өткөн расмий кабыл алууга катышты

Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинде Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы жана La Landwehr de Fribourg оркестринин президенти Пьер-Андре Паждын катышуусунда расмий кабыл алуу болуп өттү.

Иш-чаранын ардактуу конокторунун арасында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Отунбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева, Коммерциялык Банк КСБнын Башкармалыгынын төрайымы Кристина Червонова, ошондой эле Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү Юрг Штойбле болушту.

Иш-чара дипломатиялык корпустун, мамлекеттик ишмерлердин жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүн бириктирди. Мындай жолугушуулар эл аралык диалогду өнүктүрүүгө, өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого жана Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Коммерциялык Банк КСБнын өкүлдөрүнүн мындай иш-чараларга катышуусу Банктын ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендигин көрсөтөт.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар

Казакстанда иш эмес күнү болуп саналат

Эске алыңыздар, 2026 - жылдын 26- октябры Казакстанда иш эмес күнү болуп саналат.Казакстанга төлөмдөр үчүн валюталоо күнү 2026-жылдын 27-октябры.

Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж Кыргызстандын Тышкы иштер министри менен жолугушту

2026-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцария Конфедерациясынын Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту. Ал Кыргызстанга швейцариялык инвестор, …

Кытайдагы майрам / эс алуу күндөрү 24-27 сентябрь 2026

Эске алыңыздар, 2026-жылдын 24–27-сентябры Кытайда жумуш эмес күндөр болуп саналат..Кытайга төлөмдөрдү үчүн валюталоо күнү 2026-жылдын 28-сентябры.

Приложение KSB Online

Управлять финансами ещё удобнее

QR-код для скачивания приложения

Наведите камеру, чтобы скачать мобильное приложение KSB Online

Приложение KSB Online