Жаңылыктар

Адылбек Касымалиев Пьер-Андре Паж баштаган Швейцариянын жогорку деңгээлдеги делегациясы менен жолугушту

2026-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Швейцария Конфедерациясынын Федералдык Жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Пьер-Андре Паж (Pierre-André Page) менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-швейцария мамилелерин чыңдоонун, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдөгү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Парламенттер аралык байланыштарды бекемдөөгө, инвестициялык климатты жакшыртууга, ошондой эле энергетика жана айыл чарба тармактарындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Швейцария делегациясынын курамына өлкөнүн саясий жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү кирди. Алардын катарында Фрибур кантонунун Чоң кеңешинин президенти Брюно Марнье (Bruno Marnier), Фрибур кантонунун Соода-өнөр жай палатасынын директору Кристоф Эмменеггер (Christophe Emmenegger), ошондой эле Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерли (Siroco Messerli) болду.

Жолугушууга ошондой эле «КСБ Коммерциялык Банкы» ЖАКтын Башкармасынын Төрайымы Кристина Владимировна Червонова катышты.

Өткөн жолугушуу тараптардын эки тараптуу диалогду бекемдөөгө, экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтыктын келечегин кеңейтүүгө болгон өз ара кызыкчылыгын дагы бир жолу тастыктады.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар

KSB Online: мобилдик тиркеменин жаңы мүмкүнчүлүктөрү

2026-жылдын 12-ноябрында KSB Online мобилдик тиркемеси жаңыртылып, кардарларды тейлөөнүн ыңгайлуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган жаңы мүмкүнчүлүктөр киргизилди.Тиркемеде кандай жаңылыктар бар?Жеке ишкерлер үчүн аралыктан идентификациядан …

КСБ пландуу техникалык иштер тууралуу маалымдайт

Урматтуу кардарлар!«Коммерциялык Банк КСБ» ЖАК 2026-жылдын 6-ноябрынан 7-ноябрына караган түнү, саат 00:00дөн 03:00гө чейин пландуу техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайт.Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында KSB Online мобилдик …

КСБ Чернобыль кырсыгынын ардагерлерине жана кесепеттерин жоюуга катышкандарга колдоо көрсөттү

«Коммерциялык Банк КСБ» ЖАК корпоративдик социалдык жоопкерчилик саясатын ишке ашыруунун алкагында Чернобыль кырсыгынын 40 жылдыгына арналган иш-чараларды колдоо үчүн 50 000 сом бөлдү.Каражат Чернобыль …

Приложение KSB Online

Управлять финансами ещё удобнее

QR-код для скачивания приложения

Наведите камеру, чтобы скачать мобильное приложение KSB Online

Приложение KSB Online