Кыргызча
2026-жылдын 21-октябрында Швейцария Конфедерациясынын Федералдык Жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Пьер-Андре Паж (Pierre-André Page) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев менен жолугушту.
Жолугушууга Швейцариянын саясий жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Алардын катарында Фрибур кантонунун Чоң кеңешинин президенти Брюно Марнье (Bruno Marnier), Фрибур кантонунун Соода-өнөр жай палатасынын директору Кристоф Эмменеггер (Christophe Emmenegger), швейцариялык инвестор жана «Коммерческий Банк КСБ» ЖАКтын негизги акционери Юрг Стаубли (Jürg Staubli), ошондой эле Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сироко Мессерли (Siroco Messerli) болду.
Жолугушууга ошондой эле «Коммерческий Банк КСБ» ЖАКтын Башкармасынын Төрайымы Кристина Владимировна Червонова катышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-швейцария мамилелерин өнүктүрүүнүн, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты. Финансы секторундагы, энергетика, инфраструктура, билим берүү жана туризм тармактарындагы өз ара кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.
Марлен Маматалиев Кыргызстан швейцариялык инвестицияларды тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле тараптар ишкердик байланыштарды бекемдөөнүн, тажрыйба алмашуунун жана эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Өткөн жолугушуу Кыргызстан менен Швейцариянын экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого жана эки өлкөнүн ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө болгон өз ара кызыкчылыгын дагы бир жолу тастыктады.
2026-жылдын 12-ноябрында KSB Online мобилдик тиркемеси жаңыртылып, кардарларды тейлөөнүн ыңгайлуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган жаңы мүмкүнчүлүктөр киргизилди.Тиркемеде кандай жаңылыктар бар?Жеке ишкерлер үчүн аралыктан идентификациядан …
Урматтуу кардарлар!«Коммерциялык Банк КСБ» ЖАК 2026-жылдын 6-ноябрынан 7-ноябрына караган түнү, саат 00:00дөн 03:00гө чейин пландуу техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайт.Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында KSB Online мобилдик …
«Коммерциялык Банк КСБ» ЖАК корпоративдик социалдык жоопкерчилик саясатын ишке ашыруунун алкагында Чернобыль кырсыгынын 40 жылдыгына арналган иш-чараларды колдоо үчүн 50 000 сом бөлдү.Каражат Чернобыль …
Управлять финансами ещё удобнее
Наведите камеру, чтобы скачать мобильное приложение KSB Online