Жаңылыктар

Көңүл буруңуз! «Интернет/Банкинг» системасынын колдонуучулары үчүн маалымат

Банк маалымдайт: «Интернет/Мобилдик Банкинг» системасы, ошондой эле ага кирүү үчүн берилген аутентификация каражаттары (логиндер, сырсөздөр, бир жолку коддор, PIN-коддор жана операцияларды ырастоонун башка каражаттары) Банктын кардарлары тарабынан жеке пайдалануу үчүн гана арналган.

Банктын кардарларына «Интернет/Мобилдик Банкинг» системасын, ошондой эле логиндерди, сырсөздөрдү жана системага кирүү үчүн башка каражаттарды үчүнчү жактарга берүүгө, сатууга же башка жол менен өткөрүп берүүгө тыюу салынат.

Банктын кардарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык «Интернет/Мобилдик Банкинг» системасын, анын ичинде системага кирүү үчүн логиндерди жана сырсөздөрдү үчүнчү жактарга берүү же сатуу үчүн, ошондой эле укукка каршы аракеттерди жүзөгө ашыруу максатында үчүнчү жактардын көрсөтмөсү боюнча жана (же) алардын кызыкчылыгында «Интернет/Мобилдик Банкинг» системасын пайдалануу менен жүргүзүлгөн финансылык операциялар үчүн жоопкерчилик тартышат. Мындай аракеттерди жасоо күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке, анын ичинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга негиз болушу мүмкүн.

Банк үчүнчү жактарга кирүү мүмкүнчүлүгү берилген фактылар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана колдонуучу менен түзүлгөн келишимде каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде тейлөөнү чектөөгө же убактылуу токтотууга укуктуу.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар

USD менен SWIFT-которуулар атайын тариф боюнча

Эл аралык SWIFT-которууларды АКШ долларында (USD) жөнөтүңүз. Алуучу каражатты ошол эле валютада — USD менен, конвертациясыз алат. Чет өлкөдөгү сатып алуулар, кызмат көрсөтүүлөр, окуу …

АКШ долларындагы (USD) SWIFT которуулары боюнча тарифтерге өзгөртүүлөр

Урматтуу кардарлар! 2026-жылдын 15-июлунан тартып Банктын АКШ долларындагы (USD) эл аралык SWIFT которуулары боюнча тарифтерине өзгөртүүлөр күчүнө кирерин маалымдайбыз. Өзгөртүүлөр резиденттерге да, резидент эместерге …

2026 - жылдын 15-июлу Түркияда жумуш эмес күн болуп саналат

Урматтуу кардарлар, Эске алыңыздар, 2026 - жылдын 15-июлу Түркияда жумуш эмес күн. Түркияга төлөмдөрдүн валюталоо күнү 2026-жылдын 16-июлу. Түшүнгөнүңүздөр үчүн рахмат!