Кыргызча
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине 209-1-берене киргизилгендигин эскертебиз. Бул берене банктык карталарды, электрондук капчыктарды, SIM-карталарды же аккаунттарды үчүнчү жактарга берүү же сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилигин белгилейт.
Бул сиз үчүн эмнени билдирет:
Кошумча киреше табуу шылтоосу менен өзүңүздүн карталарыңызды жана капчыктарыңызды башкаларга сатууга же «ижарага» берүүгө тыюу салынат.
Башка адамдар үчүн өз атыңызга SIM-карталарды каттоого тыюу салынат.
Мобилдик банкингге кирүү мүмкүнчүлүгүн (логиндерди, сырсөздөрдү, СМС-коддорду) башкаларга берүүгө тыюу салынат.
Эгерде сиздин төлөм каражаттарыңыз алдамчылар тарабынан колдонулса, сиз кылмыштын шериктеши («дроппер») болуп каласыз. Бул берене боюнча жаза ири өлчөмдөгү айып пулдарды жана эркинен ажыратууну карайт.
Өзүңүздү жана маалыматтарыңызды коргоңуз. Карталарыңызды бөтөн адамдарга бербеңиз!
2026-жылдын 22-сентябрынан 23-сентябрына караган түнү, саат 00:00дөн 04:00гө чейин пландуу техникалык иштер жүргүзүлөт.Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында Банктын АБСи, мобилдик тиркемеси жана башка маалыматтык сервистери убактылуу …
Коммерциялык Банк КСБ юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн премиум бизнес-карта — Visa Business Platinum картасын сунуштайт. 21-сентябрдан тартып картанын ээлери башкы байге — …
Эске алыңыздар, 2026-жылдын 7-сентябры АКШда жумуш күнү эмес.АКШ доллары менен төлөмдөрдүн валюталоо күнү 2026-жылдын 8-сентябры.Алдын ала ыраазычылык билдиребиз.